American Councils for International Education

Жеке адамдардын жана мекемелердин билим берүү мүмкүнчүлүгү.

«Ачык Дүйнө» программасы (Open World)

«Ачык Дүйнө» программасы жөнүндө 

«Ачык Дүйнө» Ачык Дүйнө программасы иштеген мамлекеттердеги өсүп келе жаткан лидерлер менен АКШнын баалуулуктарын жана демократиялык институттарын көрсөтүүгө берилген америкалыктардын ортосундагы  узак кесиптик мамилелерди орноткон 10 күндүк тажрыйба алмашуу программасы болуп саналат.  Программанын жыйынтыгы АКШ Конгресси менен башка органдар менен жаңы мыйзам чыгаруу мамилелелери, америкалык өкмөттүн кызматкерлери, юристтер, бейөкмөттүк эмес уюмдар, университеттер жана бир тууган шаарлар менен чет элдик кызматташуу мамилелерин камтыйт.  Ошентип, Ачык Дүйнө Евразия мамлекеттерине байланыштуу кызыкчылыктарды, долбоорлорду, мамлекет боюнча америкалыктардын кызматташтыгын колдойт.  Бул  программа АКШ Конгресси тарабынан колдоого алынган.

Эреже боюнча делегация атаандашуунун негизинде тандалган 5 саясат жана жарандык лидерлеринен турат.  Делегаттар Кошмо Штаттарда жүргөндө атайын дайындалган маңыздуу жана толук тажрыйба алмашуу темасы боюнча Конгресске жана башка мамлекеттерге кызыктуу болгон программага катышышат. Темалар: адамдарды сатуунун алдын алуу, өкмөттүк жана сот системасынын ачык-айкындуулугу, ядролук куралды таратпоо,  жана курчап турган чөйрөнү коргоо. Көбүнчө Ачык Дүйнөнүн кабыл алуучу программалары мыйзам чыгаруу органдары жогорудагы суроолор боюнча жана демократияда кандай ролду ойноорун айтып берет. Ошондой эле делегаттардын өз тажрыйбасы менен АКШдагы кесиптештери жана кабыл алуучу коомчулук менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүгү болот. Ачык Дүйнөнүн делегаттары АКШнын 50 штатынын бирине жөнөтүлөт жана эреже боюнча кабыл алуучу үйбүлөлөр менен жашоого жайгаштырылат.

Ачык Дүйнө аркылуу 24 000ден ашуун Армения, Азербайжан, Белоруссия, Грузия, Казакстан, Косово, Кыргызстан, Литва, Молдова, Монголия, Орусия, Сербия, Украина, Тажикстан, Туркия, Туркменстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин азыркы жана келечектеги лидерлери Конгресстин мүчөлөрү, Конгресстин кызматкерлери жана миңдеген башка америкалыктар жана башка ушул Евразиялык лидерлердин түздөн-түз кесиптештери бири-бири менен баарлашып жана өз ара кызматташкан.

Ким катыша алат:

  • Адистер
  • Мамлекеттик кызматкерлер

Тандап алуу критерийлери

Делегаттар АКШ Элчилиги бекиткен уюмдар аркылуу сунушталган талапкерлердин негизинде тандалат. Талапкерлер өз чөйрөсүндө өтөгөн белгилүүлөрдөн болушу керек жана программага катышууда жашы 40тан жогору болбошу керек.  Жеңүүчүлөр атайын түзүлгөн АКШ Элчилигинин комиссиясы тарабынан тандалат.

Арызды кантип тапшыруу керек:

Делегаттар сунуштоонун (номинация) негизинде тандалат – АКШ Элчилиги бекиткен уюмдар аркылуу талапкерлер сунушталат. Эгер сиз катышуучу катары сунушталган болсоңуз, сизге арыз формасын толтуруу үчүн байланышка чыгышат.

Бүтүрүүчүлөр

2007-жылы Ачык Дүйнө программасы биринчи делегаттарын жөнөткөн. Кыргызстанда бул программанын 400дөн ашуун бүтүрүүчүлөрү бар.

Боло турган иш-чаралар Facebook социалдык тармагында Open World Program Kyrgyzstan тобунда жарыяланат. Артүрдүү бүтүрүүчулөрдүн ийгиликтүү окуялары биздин сайттан жана жогоруда айтылган топтон тапсаңыз болот.

Эгер сиз боло турган иш-чаралар тууралуу толугураак маатымат алгыңыз келсе же Ачык Дүйнө коомчулугунун иштери же ыктыярдык жумуштары жөнүндө билгиңиз келсе, Ачык Дүйнө программасынын координатору менен байланышка чыгыңыз.   

Көп берилүүчү суроолор

Программа эмнелерди камсыз кылат?

 

  • Эки жагы төлөнгөн билеттер (Бишкектен АКШга жана кайра кайтуу үчүн)
  • Америкалык виза
  • Кетер алдында Бишкек шаарында маалымат берүүчү жолугушуу
  • Колумбия округунун Вашингтон шаарында  маалымат берүүчү семинар
  • Кабыл алуучу үйбүлөлөрдө жайгаштыруу
  • Бүтүрүүчүлөр тармагына кошулуу