American Councils for International Education

Жеке адамдардын жана мекемелердин билим берүү мүмкүнчүлүгү.

«Келечек лидерлери» программасы (FLEX)

ФЛЕКС программасы жөнүндө

«Келечек Лидерлери» программасы (FLEX) жогорку класстарда окуган окучууларга АКШда бир жыл акысыз окууга мүмкүнчүлүк берет.

ФЛЕКС программасы Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик Департаменти тарабынан каржыланат жана АКШга Армения, Азербайджан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдова, Польша, Сербия, Тажикстан, Туркменстан, Украина, Черногория  жана Эстония мамлекеттеринде  жогорку класста окуган окуучуларды алып барат. Программа АКШга баруу үчүн жетишкендиктеринин негизиндеги стипендия алууга, кабыл алуучу үйбүлөдө жашоого  жана бир окуу жылы АКШнын мектебинде окууга мүмкүнчүлүк берет.

ФЛЕКС программасы 1992-жылы негизделген жана Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик Департаментинин Билим Берүү жана Маданият Бюросу тарабынан каржыланат. Программа мурдагы сенатор Билл Брэдлинин сын-пикиринин негизинде пайда болгон. Анын пикиринде,  узак тынчтыктын жана АКШ менен Евразия мамлекеттеринин ортосундагы түшүнүшүүнүн эң мыкты кепилдиги – жаштарга АКШ жана америкалыктар жөнүндө түздөн-түз билүүгө  жана америкалыктарга өз мамлететтери тууралуу айтып берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.

ФЛЕКС программасынын негизги максаты – өз ара түшүнүшүүнү жакшыртуу жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандары менен башка элдердин жана мамлекеттердин ортосундага узак мөөнөттүү мамилелерди иштеп чыгуу жана чыңдоо. Мамлекеттик Департамент орто мектептин окуучуларын алмашуу программасын 50дөн ашуун мамлекеттерде ФЛЕКС жана башка окуу программалары аркылуу колдойт. Андыктан программа 1993-жылы башталган соң 24000ден ашуун  окуучулар ФЛЕКС программасына  катышышкан.

Программага кимдер катыша алат:

Жогорку класста окуган окуучулар

Тандап алуу критерийлери

Бул программага 2017-жылы күзүндө катышуу үчүн жогорку класста окуган окуучулар төмөндө көрсөтүлгөн бардык критерийлерге төп келиши ыктымал:

  1. Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
  2. 2001-жылдын 1-январынан 2003-жылдын 15-июлуна чейин төрөлгөндөр;
  3. 9, 10 же 11-класстарда же колледждин биринчи курсунда окуу;
  4. Мектепте жакшы жана эң мыкты бааларына ээ болуу;
  5. Англис тилинде суйлөй билүү;
  6. Акыркы 5 жыл АКШда 3 же андан көп ай жашабагандар.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жогорку класста окуган окуучуларга ФЛЕКС программасынын өкүлдөрүнө атайын пайдалуу критерийлерди билиш үчүн байланышка чыгуусу зарыл.

Арызды кантип тапшыруу керек:

Стипендия алуучулар ар жылы күз мезгилинде өтүүчү ачык конкурс жана жетишкендиктеринин  негизиндеги аттандаштык аркылуу тандалат. Бардык талапка жооп берген окуучулар конкурска катыша алат.

Тандап алуу үч этаптан турат:

1-этап – Англис тили боюнча кыска тест

2-этап –Англис тилинде эссе жазуу

3-этап– Англис тили боюнча стандарттык тест, эссе жазуу, анкета толтуруу жана интервью.

ФЛЕКС программасынын бүтүрүүчүлөрү

ФЛЕКС программасынын катышуучусу өз мамлекетине кайткан соң программа ошону менен бүтүп калбайт. Тескерисинче, алардын кайтып келүүсү мүмкүнчүлүктөргө жана тажрыйбага толгон жаңы жашоонун башталышын белгилейт. Анткени,  ФЛЕКС программасынын катышуучулары ФЛЕКС бүтүрүүчүлөрүнүн эң активдүү мүчөлөрү катары кошулушат.

ФЛЕКС бүтүрүүчүлөрү АКШда ээ болгон өз көндүмдөрүн жана билимдерин иш жүзүндө ашырып жана өз коомчулугуна жардам берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. ФЛЕКС бүтүрүүчүлөрүнүн координатору ыктыярдык иш тууралуу жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн  маалымдоого бүтүрүүчүлөрдүн байланыш маалыматын жаңыртып турат. Ошондой эле жаңылыктар тууралуу The Bradley Herald (www.bradleyherald.org) сайтына бөлүшүп турат.

Боло турган окуя тууралуу маалыматтар Фейсбуктун FLEX Alumni Kyrgyzstan тобунда жана FLEX Alumni Kyrgyzstan баракчасында жарыяланат.

Боло турган окуялар же бүтүрүүчүлөр менен байланышуу ыкмалары же ыктыярдык жумуш  тууралуу толугураак маалымат алуу үчүн ФЛЕКС бүтүрүүчүлөрүнүн координатору менен баланышыңыз: flexalumni@americancouncils.kg.

Көп бериле турган суроолор

Стипендия эмнелерди камтыйт?
  • АКШга учууга жана кайтып келүүгө билет, Кыргызстанда жашаган аймагынан баштап жол кирелер чыгымдары төлөнөт;
  • Окуучулардын социалдык иш-чараларда катышуу жана өздөрүнө керектүү нерселерди сатып алуу үчүн ай сайын төлөм берилет;
  • Бир жыл бою тандалып алынган америкалык үйбүлө менен чогуу жашоо;
  • Америкалык орто мектепте окуу;
  • Кетүүгө даярдоочу жана катышуучулар кайткандан кийинки багыт берүүчү иш-чараларга катышу;
  • Америкалык жергиликтүү коомчулук даярдаган программалык ишчараларга катышу;
  • Мурун пайда болгон ­орууларды (өнөкөт орууларды), тиш жана көз ооруларын айыктырууну камтыбаган медициналык камсыздоо.
Мен мүмкүнчүлүгүм чектелген адаммын. Бул программага катыша аламбы?

Ооба! Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды ФЛЕКС  программасына өз арыздарын тапшырууну сунуш кылабыз. Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын программага катышуу үчүн өзгөчө критерийлерин сурап билүү үчүн ФЛЕКС программасынын кеңсеси менен байланышуусун суранабыз.

Мен жашаган аймакта тестирлөө качан болот?

ФЛЕКС программасына тестирлөөнүн биринчи этабы күз маалында өтөт. Сиздин аймакта биринчи этап качан болорун билиш үчүн Америкалык Кеңештердин вебсайтын же Facebook баракчасын август айында караңыз.

Ар бир этаптын жыйынтыгы качан айтылат?

Биринчи этаптын жыйынтыгы негизинен, бирок ар дайым эмес тест болгон күнү же ошол күндүн кечинде жарыяланат. Америкалык Кеңештердин өкүлү жыйынтыктар качан жана кайда айтыларын сизге маалымдашат.  Экинчи этаптын жыйынтыгы тестирлөөдөн кийин негизинен 3-6 жумадан кийин жарыяланат. Экинчи этапка өткөн окуучулар үчүнчү этапка телефон аркылуу чакырылат. Үчүнчү этаптын жыйынтыгы жаз мезгилинде жарыяланат. Вашингтон, Колумбия Округунун тандап алуу комитети ийгиликтүү талапкерлерди тандап алышат жана Кыргызстандагы Америкалык Кеңештерге маалымат беришет.  ФЛЕКС программасынын бардык финалисттери жана альтернативдик талапкерлери телефон аркылуу Америкалык Кеңештердин өкүлүнөн маалымат алышат.

Тестирлөөгө даярдануунун кандайдыр бир ыкмалары барбы? Тестирлөөгө даярдануунун курстары барбы?

Ийгиликтүү талапкерлер жаңы чөйрөгө көнүүсүн жана жетишүүсүн көрсөтүшү керек. Талапкер биринчи этапка англис тилин жакшыртуу аркылуу даярданса болот.

Бул программага катышуу үчүн англис тилин канчалык жакшы билишим керек?

ФЛЕКС – бул тил программасы эмес. Финалисттерди тандап алуу тил билүүсүнө эмес алардын жаңы чөйрөгө көнүүсүн жана жетишүүсүн көрсөткөнүнө негизделет. Катышуучалардын  тил билүүсү тестирленет, анткени алардын англис тилинде сүйлөшүүсү жана жазуусу АКШда мектептин жана үйдүн турмушуна аралашууга зарыл. Эгер катышуучу талапкерге ылайыктуу болгон мүнөздү көрсөтсө, бирок англис тилин анча жакшы билбесе, бул катышуучуну кошумча тил үйрөнүү программасына АКШга же тил үйрөнүү лагерине Молдовага жөнөтүшү мүмкүн.

Эгер мен тестирлөөгө катышып, бирок кийинки этапка өтпөй калсам, мен каталарымды текшерүү үчүн өзүмдүн жыйынтыктарымды көргөнгө мүмкүнчүлүгүм барбы?

Тестирлөөнүн бардык  материалдары жашыруун түрдө сакталат жана таанышууга берилбейт.

Эгер мен тандап алуу турунан бир шаарда өтпөй калсам, башка шаарга барып тестирлөөгө катышсам болобу?

Жок. Ар бир талапкер  тестирлөөгө бир жылда бир гана жолу катышууга укуктуу. Эгер талапкер башка тестирлөө борборунан тапшырууга аракет жазаса, анда ал программага катышуу укугунан ажыратылат.

Катышуу үчүн акча төлөй турган ФЛЕКС программасы барбы?

Жок. ФЛЕКС программасы АКШнын Мамлекеттик Департаменти тарабынан каржыланган стипендиалдык алмашуу программасы болуп эсептелинет.  ФЛЕКС эч кандай төлөмдү кабыл албайт. Башка уюмдар акы төлөй турган чет өлкөдөгү окууларды сунуштайт.