American Councils for International Education

Жеке адамдардын жана мекемелердин билим берүү мүмкүнчүлүгү.

Америкалык Борбордук Азия Билим Берүү Фондунун стипендиялык программасы (U.S.-CAEF)

 

 Америкалык Борбордук Азия Билим Берүү Фондунун стипендиялык программасы жөнүндө

Борбордук Азия Америкалык Билим Берүү Фондунун стипендиялык программасы Америкалык Борбордук Азия Билим Берүү Фонду каржылаган стипендиялык окуу программасы болуп эсептелинет жана Эларалык Билим Берүү боюнча Америкалык Кеңештер тарабынан жүргүзүлөт.

Стипендиялык программа студенттерге 4 жыл бизнести башкаруу жана экономика  жаатында бакалавр даражасында билим алууга демөөрчүлүк кылат. Стипендия Борбордук Азия Америкалык Университетинде же Казахстандык Башкаруу, Экономика жана Прогноздоо Институтунда окууну камтыйт. Бул университеттер батыш тибиндеги аймактагы алдыңкы билим берүү мекемелери  болуп эсептелинет. Бул стипендияны жакшы жетишкендиктерге ээ жана каржы жагынан муктаж болгон студенттер гана ала алышат. Жыл сайын программа 30га жакын стипендия алуучулардын АУЦА  жана КИМЭП окуу жайларында окуусун колдойт.

Стипендия алуучулардын академиялык турмушу аудиторияда сабак алуу менен гана чектелбейт. Ошондой эле тармакташуу, тренингдерге, каржылануучу жергиликтүү жана эларалык практикаларга катышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Фонд ошондой эле көмөктөш-университтеттердин бизнес тармагындагы  билим берүү сапатын жогорулатыш үчүн окутуу көндүмдөрүн, билим берүүнү жана окуу планын жакшыртуу боюнча мугалимдерге кесиптик тренингдерди өтөт.

Ким катыша алат?

  • Орто мектептин окуучусу
  • Бакалавр же аспирантуранын ээси

Тандап алуу критерийлери:

Программага катышууга укуктуу болуш үчүн студенттер төмөнкү критерийлерге төп келиши керек:

  1. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Туркменстан же Өзбекстан мамлекетинин туруктуу жараны.
  2. Арызды тапшыруу маалында англис тилинде жакшы сүйлөөнү жана жазууну билиши керек.
  3. Бизнес чөйрөсүндө окууда жетишкендиктерин, каржылык жардамга муктаж, жана кесиптик жөндөмүн жана лидерлик дараметин көрсөтүү зарыл.
  4. Келе жаткан окуу жылында АУЦАга жана КИМЭПте окууга өтүшү керек.
  5. Керектүү иммиграция документтерин алууга жана колдоп турууга мүмкүнчүлүгү болушу керек.
  6. Программа аяктагандан кийин бизнес коомчулугуна жана экономикалык өнүгүүгө өз салымын кошуу үчүн өз мамлекетине кайра кайтып келүү (же андан ары жашоо).

Стипендиялык программа рассанын, жыныстын, диндин, улуттун жана этностук тегинин негизинде же мүмкүнчүлүгү чектелген үчүн дискриминация кылбайт. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын программага арыз тапшыруусун чын дилден колдойт.  Конкурс күчтүү жетишкендиктеринин жана каржылык муктаждыгынын негизинде болот.

 

Арызды кантип тапшыруу зарыл:

Уткан стипендианттар жетишкендиктеринин жана каржылык муктаждыгынын негизинде жыл сайын кыш мезгилинде өткөрүлүүчү ачык конкурс аркылуу тандалат. Критерийлерге жооп берген бардык студенттер конкурска катыша алат.

Конкурс эки этаптан турат:

1-этап  – Арызды жана кошумча каржылык документтерди тапшыруу

2-этап  – Интервью жана TOEFL-тест

Эмки жылга кабыл алуу арыз формалары жана даталары U.S.-CAEF сайтында (www.us-caef.americancouncilsnetwork.org/) жеткиликтүү болот.

Бүтүрүүчүлөр:

Стипендиялык программа U.S.-CAEFтин биринчи тобун 2007-жылы колдогон. 2016-жылы жайында программа 6 топтогу бүтүрүүчүлөрүн чыгарды (программа ачылгандан тартып 150 студенттен ашуун студенттерди).

Бүтүрүүчүлөрдүн келээрки иш-чаралары  U.S.-CAEF программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясынын Facebook баракчасында жана Борбордук Азия Америкалык Фондунун баракчасында маалымдалат. Бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү окуяларын да ошол жактан жана бул сайттан тапсаңар болот.

Келерки иш-чаралар тууралуу көбүрөөк маалымат алуу же ыктыярдык тууралуу U.S.-CAEF бүтүрүүчүлөрү менен байланышуу үчүн U.S.-CAEF программасынын  координатору менен байланышка чыгууңузду суранабыз.

Көп берилүүчү суроолор

Стипендия эмнелерди берет?

 

  • Жыл сайын мамлекет ичинде же чет өлкөгө үйүнө барып кайра келүүгө жол кирени төлөө (үйдөн университетке жана кайра үйгө)
  • Ай сайын турак-жай акысын төлөө же жатаканага жайгаштыруу
  • Окууга мониторинг жүргүзүү жана академиялык устат
  • Кесиптик өнүгүү үчүн иш-чараларды жана тренингдерди өткөрүү
  • Аймактык жана эларалык стажировкаларды каржылоо
  • Команданы куруу иш-чаралары
  • Бүтүрүүчүлөр тармагына мүмкүнчүлүк алуу
Келерки окуу жылынын арыздары качан даяр болот?

 

U.S.-CAEF программасына катышуунун акыркы мөөнөтү февраль айынын ортосуна дал келет.  U.S.-CAEF вебсайттын жана расмий Facebook баракчасын октябрь айынан баштап өз убагында маалыматты алуу үчүн ар дайым текшерип турууну өтүнөбүз.

АУЦА же КИМЭП  университетине өтүү сынагына катышышым керекпи?

 

Бардык талапкерлер АУЦА же КИМЭП  университетине өтүү сынагына катышууга МИЛДЕТТҮҮ. Университетке өтүү экзамендери U.S.-CAEF стипендиялык программасына катышуу үчүн арыз тапшыруудан тышкаркы процесс болуп эсептелинет.

U.S.-CAEF программасына катышуу үчүн бардык талапкерлер тандап алынган жогорку окуу жайына өтүшү керек. Университетке өтүү экзамендерин өз убагында тапшыруу талапкердин толук жоопкерчилиги болуп саналат.  U.S.-CAEF АУЦАнын биринчи агымына өтүү экзамендерин тапшырган студенттерден гана арызды алат.

Эгер U.S.-CAEF программасынын жеңүүчүсү болуп тандалбасам, эмки жылы катыша аламбы?

 

Эгер башка унивеститеттин толук студенти болуп эсептелинбесе, өтпөй калган талапкерлерге программага эмки жылы кайра тапшырууну сунуштайбыз. U.S.-CAEF стипендиясы биринчи окуу жылындагы студенттерге гана берилет; андан жогорку окуу жылындагы студенттер программага катыша албайт.