American Councils for International Education

Жеке адамдардын жана мекемелердин билим берүү мүмкүнчүлүгү.

Башка программалар

Америкалык Кеңештердин Өкүлчүлүгү ар түрдүү кесиптик жана билим берүүчү программаларды жүргүзөт. Төмөндө башка программалар тууралуу кыскача маалымат алсаңыздар болот.

ФЛЕКС программасынын бүтүрүүчүлөрү үчүн Министрликтерде жана башка мамлекеттик уюмдарда стажировка өтүү

ФЛЕКС программасынын бүтүрүүчүлөрү үчүн Министрликтерде жана башка мамлекеттик уюмдарда стажировка өтүү программасы ФЛЕКС программасынын бүтүрүүчүлөрү университетте окуп Кыргыз Республикасынын ар түрдүү Министрдиктерде жана башка мамлекеттик уюмдарда стажировка  өтүүгө мүмкүнчүлүк берет жана АКШ Элчилиги тарабынан каржыланат.

Жогорку Кеңеште стажировка өтүү программасы

Жогорку Кеңеште  стажировка  өтүү программасы студенттерге жана аспиранттарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде стажировка өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул программа Бишкектеги ЕККУ (ОБСЕ) Борбору тарабынан каржыланат.

«Америка» жайкы лагери

«Америка» жайкы лагери Баткен аймагындагы окуучуларга бир жума толук америкалыктардын маданиятын жана баалуулуктарын үйрөнүү үчүн америкалык түрдөгү жайкы лагерде өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Америкалык студенттерди жана окумуштууларды кабыл алуу

Америкалык Кеңештер америкалык студенттерди жана окумуштууларды мезгил мезгили менен  кабыл алышат. Эгер сиз америкалык окумуштууга кабыл алуучу үйбүлө болгуңуз келсе биз менен байланышыңыз.

Катышуучулар

  • Жогорку класста окуган окуучулар
  • Студент же аспиранттар

Тандап алуу критерийлери:

Ар бир программанын тандап алуу критерийлери ар башка. Кызыккан программа тууралуу көбүрөөк билгиңиз келсе, биздин кеңсе менен байланышыңыз.

Арызды кантип берүү керек:

Кызыккан программа тууралуу көбүрөөк билгиңиз келсе, биздин кеңсе менен байланышыңыз.

 Бүтүрүүчүлөр:

Бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү окуяларын Америкалык Кеңештердин Facebook баракчасында жана вебсайттан тапсаңар болот.