American Councils for International Education

Жеке адамдардын жана мекемелердин билим берүү мүмкүнчүлүгү.

«АКШда билим алуу» программасы (EducationUSA)

Программа жөнүндө

АКШнын Мамлекеттик Департаменти колдогон дүйнө жүзүндөгү консультациялык борболордун бири жана Кыргызстандагы EducationUSA америкалык ЖОЖго өтүү тууралуу так, түшүнүктүү жана актуалдуу маалыматты студенттерге берет. EducationUSA программасын АКШнын Мамлекеттик Департаменти колдойт.

Программага кызыккан маалыматтарды борборго келип, же алыста туруп деле акысыз ала алышат.

Төмөнкү темалар тууралуу лекциялар/тренингдер өтүлөт:

  • Америкалык билим берүү системасы (бакалав жана магистратура)
  • Керектүү эсселерди жазуу
  • Америкалык ЖОЖго өтүү үчүн тесттерди тапшыруу
  • Каржылык жардам
  • АКШга кетүүгө даярдануу

Жеке жана топтор үчүн консультациялар:

  • Жеке
  • Skype, чат Google жана башкалар аркылуу
  • Жогорку класстагы окуучулардын ЖОЖго өтүүгө даярдоо клубу

Китепкананын абонементи менен төмөнкү ресурстарга мүмкүнчүлүк алуу:

  • Тесттерге даярдоо
  • Арыз формаларын жана анкеталарды ийгиликтүү толтуруу
  • Бакалавр жана магистратура программалары бар университеттерди табуу колдонмосу
  • Университеттердин тизмеси
  • Американлык университеттерде ийгиликтүү окуу колдонмосу

Өзүн текшерүүчү тесттер:

  • TOEFL
  • SAT
  • GRE

АКШда Билим Алуу борбору Республикалык К.Баялинов атындагы китепканада жайгашкан жана  баш багуучуларга иш күндөрү саат 10:00дон 18:00ге чейин ачык. Сиз иш чаралардын календарын бул жактан көрсөңүз болот.

Бул программага кимдер катыша алат:

  • Жогорку класста окуган окуучулар
  • Бакалавр жана магистр даражасында окуган студенттер
  • Билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана башкармачылыгы
  • Кесипкөйлөр
  • Изилдөөчүлөр
  • Өкмөттүн өкүлдөрү

Критерийлер:

АКШда Билим Алуу борбору кызматы бардык кызыккандарга толук акысыз берилет. Кээ бир программалар (мисалы, жогору класста окуган окуучуларды ЖОЖго даярдоо) жана арызды толтуруу процесси конкурстун негизинде болушу мүмкүн.

Арызды кантип берүү керек:

АКШда Билим Алуу борборунун кызматтарын колдонуу үчүн көбүнчө арызды же анкетаны толтуруу милдеттүү критерий эмес.  Кээ бир программалар (мисалы, жогору класста окуган окуучуларды ЖОЖго даярдоо) жана арызды толтуруу процесси конкурстун негизинде болушу мүмкүн.

Кызыккан кызматтар тууралуу толугураак маалымат алуу үчүн АКШда Билим Алуу программасынын кеңешчиси менен байланышсаңыз болот.

Бүтүрүүчүлөр:

Жыл сайын жүздөгөн Кыргызстандын жарандары АКШда окууга виза алышат.

Бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү баяндарын тууралуу EducationUSA Kyrgyzstan  Facebook баракчасынан жана сайттан окусаңыздар болот.

Келерки иш-чаралар тууралуу көбүрөөк маалымат алуу же  ыктыярдык жумуш тууралуу бүтүрүүчүлөр менен байланышуу үчүн EducationUSA программасынын  координатору менен байланышка чыгууңузду суранабыз.

Көп берилүүчү суроолор