- » Коомчулукту байланыштыруу
- » FLEX
- » JFDP
- » Ачык дүйнө
- » TASP
- » U.S. - CAEF
Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер АКШ Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан Борбордук Азиядагы билим берүү Фондунун ишинин кээ бир аспекттерин ушул региондо да (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркменстан, Өзбекстан), АКШда да башкаруу үчүн дайындалган. Фонддун негизги максаты – батыштык окуу программалырын жана окутуу усулдарын кабыл алган ЖОЖдордо заманбап бизнес-технологияларына сапаттуу окутуу менен камсыз кылуу аркылуу Борбордук Азияда ачык рыноктун жана жеке менчик сектордун өнүгүүсүнө жана өсүшүнө көмөктөшүү. Бул ЖОЖдор ийгиликтүү рыноктук экономиканын жана өнүккөн демократиянын мисалдарын көрсөткөн өлкөлөрдө окууга жана профессионалдык жана маданий тажрыйба алууга кенен мүмкүнчүлүктөрдү түзүшөт. Мындан тышкары, бул ЖОЖдор Борбордук Азияда жеке бизнес жана эркин аракет үчүн ыңгайлуу айлананы өнүктүрүү үчүн негиз салышат.
Бул программа үч негизги тарапта ишин жүргүзөт: (1) айтылган беш республиканын каражатсыз студенттерине үч атайын тандалган регионалдык ЖОЖдордо бизнес тарабында окууга окуу гранттарын (стипендияларын) таркатуу; (2) айтылган ЖОЖдордо окуу программаларын жана бизнеске тиешелүү сабактарынын окутуу усулдарын жакшыртуу; жана (3) чет өлкөлөрдө окуп, иштеш үчүн студенттерге практика өтүшүнө мүмкүнчүлүктөрдү издөө.
Каражаттарды керектеген студенттерге стипендияларды бериш үчүн Фонд региондогу үч чоң ЖОЖ менен иштөөдө. Булар: Казакстандын Менеджмент жана Экономика Институту (Алматы, Казакстан); Борбордук Азиядагы Америкалык Университети (Бишкек, Кыргыз Республикасы) жана Эл аралык бизнес мектеби (Ташкент, Өзбекстан). Фонддун талаптарына ылайык келген студенттерге стипендия тандоосунда жардам берүү үчүн Фонд ушул үч ЖОЖдордун ички инфраструктурасын пайдаланат. Стипендияларды тартууда акыркы чечим Фонд тарабынан кабыл алынат. Аталган ЖОЖдор ушул программанын ийгилигине өз салымын кошууда.
Америкалык Кеңештеринин эсептери боюнча, 10-12 жылдын ичинде 1 700дөн ашык бир жылдык стипендиялар таратылат, ошондой эле мугалимдердин квалификацияларынын жогорулатууга арналган 180ден ашык гранттар берилет жана 60тан ашык практика өтүү курстары ишке ашат. Жогоруда айтылып кеткен жумуш аспекттерин ишке ашыруу үчүн программа 15 миллион долларга жакын каражаттарды кетирет.
Форманы бул жерден алса болот.