Кыргызча | Русский | English  

Америкалык Кеңештер жөнүндө


Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер – эл аралык мамлекеттик эмес уюм; ал билим берүүнүн элдерге, ар кыл институттарга жана коомдорго позитивдүү жаңыланууларды алып келүүдөгү фундаменталдуу ролуна ишенет. Америкалык Кеңештер бүткүл дүйнө боюнча академиялык жана профессионалдык артыкчылык үчүн керектүү болгон глобалдык түшүнүктү камсысдоочу эл аралык программалар аркылуу билим берүгө жана изилдөөлөргө умтулат. Дүйнө боюнча шериктер менен бирдикте биздин профессионалдар тобу ар кыл маданияттарга жана биз иштеген эл аралык коомдордун талабына жооп берген инновациялык жана эффективдүү программаларды жаратышат жана иштетишет

Аймак таануу жана тил үйрөнүү профессионалдары үчүн 1974 жылы жаралган Америкалык Кеңештер өзүнүн тажрыйбасын академиялык алмашуу, профессионалдык тренингдер, алыстын окуу, тест жана окуу программалырын өнүктүрүү, текникалык жардам көрсөтүү, изилдөөлөрдүү жүргүзүү жана баалоодо топтоду.

Mиссиясы жана тарыхы
Башталышында орус тил мугалимдеринин Америкалык Кеңештери катары түзүлгөн бул уюм изилдөөлөрдү жүргүзүү, орус жана англис тилдерин окутуу үчүн тренинг жана окуу материалдарын иштеп чыгууда жана тил окууту, адабият жана АКШ менен мурунку Советтер Союзун таануда эмгектенген окумуштуулардын жана билим берүүчүлөрдүн коомдорунун байланыштырууда иштеди. 1987 жылы орус тил мугалимдеринин Америкалык Кеңештеринин (АСПРЯЛ) директордук коллегиясы билим берүүдөгү жана тил үйрөнүүдөгү кызматташтык боюнча Америкалык Кеңештерди (АКСЕЛС) түздү; ал тез эле АКШнын мамлекети тарабынан каржылануучу алмашуу жана тренинг программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча лидер болуп чыкты.

Өзүнүн төртүнчү декададасында Америкалык Кеңештер америкалык билим берүү жана эл аралык тренингдер боюнча алдыңкы уюмга айланды; ал АКШнын мамлекети тарабынан каржылануучу жана мамлекеттик эмес отуздан ашуун алмашуу жана тренинг программаларын иштетет. Уюм АКШнын жана Евразия жанан чыгыш Европа өлкөлөрүнүн элдеринин жана ар кыл уюмдарынын арасында шериктештик программаларды жаратат, долбоор жана билим берүүдөгү инновациялык программалырды жаратуу боюнча консультациялырды берет жана Евразиянын тилдерин жана АКШдагы аймак таануу чөйрөсүно өз салыман кошот.

1998 жылы Орус тил мугалимдеринин Америкалык Кеңештеринин директордук коллегиясы Уюмдун өнүгүүсүн чагылдырыш үчүн Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер деген жаңы аталыштагы жаңы уюмдук структураны жаратты. АСПРЯЛ жана АКСЕЛСTR Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештеринин бөлүмдөрү. Америкалык Кеңештердe 370ден ашык кызматкерлер, кырк жети кеңседе, чыгыш Европанын жана Евразиянын он беш өлкөсүндө иштешет.

Каржылоо коомдук жаан жеке булактардан келет. Алардын ичиниде Американын эл аралык өнүгүү боюнча агенствосу, АКШнын мамлекеттин Департаменти,АКШнын билим берүү боюнча департаменти, Конгресстин китепканасы, Россия Федерациясынын жана Казакстандын өкмөттөрү, Дуйнөлүк банк, Каргени Корпорациясы, Ачык коом институту, Сорос Фонду бар.

Америкалык Кеңештеринин эки жүзгө жакын Евразия, түштүк-чыгыш Европа жана түштүк Азия боюнча кеңселери бар. Сизге керектүү кеңсени табуу үчүн http://www.americancouncils.org/ электрондук барагына кайрылыңыз.