Кыргызча | Русский | English  


«Коомчулукту байланыштыруу» программасы




2005-жылынын сентябрь айында «Дүйнөлүк үйрөнүү» өкмөттүк эмес уюму АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин «Коомчулукту байланыштыруу» аттуу программасын ишке ашыруу үчүн 5 жылдык контрактты утуп алган. Бул программа мурун АКШнын мамлекеттик Департаментинин маданий жана билим берүү программаларынын Бюросу тарабынан жетектелген, ал эми азыркы убакта USAID-дин Европа жана Евразия боюнча Бюросу тарабынан каржыланат. Программа өзүнүн катышуучуларынын алардын АКШдагы кабыл алган үй-бүлөлөрү жана уюмдары менен болгон маданий алмашуу аркылуу коомчулук дипломатияны өнүктүрүүгө умтулат.

Программа жана анын максаттары боюнча жалпы маалымат
«Коомчулукту байланыштыруу» программасы өзүнүн катышуучуларына америкалык үй-бүлөдө жашап, өз ишмердик сферасында практикалык окутуудан өтүү мүмкүнчүлүгүн берет. Программага Армения, Азербайжан, Беларус, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина жана Өзбекстандын бизнесмендери, жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, юристтери, ӨЭУ баштары жана башка профессионалдары катыша алышат. АКШдагы кабыл алуучу уюмдар программанын катышууччуларынын профессионалдык кызыгуулары жана тажрыйбаларына ылайыктуу алар үчүн практикалык окутуу курстарды уюштурушат.

«Коомчулукту байланыштыруу» программасынын негизги максаттары:
  • Катышуучуларга сапаттуу профессионалдык окутууну жана күндөлүк турмушка кирүүнү камсыз кылуу;
  • Жеке жана өкмөттүк секторлорунун өкүлдөрүнө АКШга баруусун уюштуруу аркылуу Европа жана Евразия өлкөлөрү менен коомдук жана жеке партнердуулуктун оңугүүсүнө көмөктөшүү;
  • АКШдагы коомчулуктарды Европа жана Евразиядагы коомчулуктар менен тыгыз байланыштыруу.
Программанын структурасы
Катышуучулар «Дүйнөлүк үйрөнүү» уюму менен подряд негизинде иштеген төмөнкү үч уюмдун тарабынан тандалышат: «Harmony» долбоору (Россия, КМШ, Кавказ), Америкалык Кеңештер (Борбордук Азия, Беларус) жана коомдук-экономикалык өнүгүү Борбору (Молдова). Катышуучулар ачык конкурстан өтүшөт, ал эми тандоону USAIDдин жергиликтүү миссиялары жүргүзүшөт.

«Дүйнөлүк үйрөнүү» АКШдагы кабыл алуучу уюмдарды да аныктайт. Бул уюмдар катышуучуларды жашоо жана окуу үчүн жайлар, транспорт, котормо кызматтар жана ар кандай салтанаттарга катышуу менен камсыздайт. Кабыл алуучу уюмдар АКШдагы көптөгөн жеке жана коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта иштеп, алардан зор көмөк алышат.

«Коомчулукту байланыштыруу» программасынын Интернеттеги дареги http://www.worldlearning.org/wlid/tande/ccp#