Түркмөнстан – Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинин стипендия программасы (TASP)
Бул программа Түркмөнстандагы он жылдык орто билимге ээ болгон эң мыкты окуучуларга Бишкекте жайгашкан Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинде толук төрт жылдык окуудан өтүп, бакалавр даражасын алууга мүмкүнчүлүк берет. Программанын катышуучуларына төмөнкү адистиктер сунуш кылынат:
- Америка таануу
- Бизнести башкаруу
- Маданият таануу жана антропология
- Экономика
- Европа таануу
- Эл аралык жана салыштырма политикасы таануу
|
- Журналистика жана массалык маалымат каражаттарын таануу
- Эл аралык жана бизнес укугун таану
- Психология
- Социология
- Компьютердик инженерия (IT)
|
TASP программасы толугу менен АКШ мамлекеттик Департаменти тарабынан Ашгабаддагы АКШ элчилиги аркылуу каржыланат дагы, Түркмөнстандагы Америкалык Кеңештер өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылат.
Катышуучуларды тандоо процесси
Программага катышкысы келгендердин баары конкурстан өтүшөт. Конкурстун натыйжалары боюнча Бишкекте иштеген көз карандысыз комиссия төмөнкү критерийлерди карап катышуучуларды тандайт: окуудагы жетишкендиктер, англис тилин билүү, тандаган адистикке болгон кызыгуусу жана БААУнын академиялык стандарттары.
Программанын жалпы иш графиги
Февраль
Катышууга анкеталарды чогултуу: Кандидаттар Америкалык Кеңештер офисине анкеталарды тапшырышат. Түркмөнстандагы башка региондогу кандидаттар өз регионунда жайгашкан Америка өкүлчүлүктөрүнө тапшыра алышат.
Март
Кандидаттар өз адистиги боюнча БААУнын экзамендерин, ошондой эле англис тили боюнча TOEFL тестин тапшырышат.
Апрель
БААУ ылайыктуу кандидаттарды тандайт. БААУга алынууга сунушталган кандидаттар TASP программасынын жарым-финалисттер болуп саналат. Булар Бишкекте көзкарандысыз комиссиянын мүчөлөрү менен маектешүүдөн өтүшөт.
Май
Көзкарандысыз комиссия төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча финалисттерди аныктайт: окуудагы ийгиликтери, англис тилин билүү, тандаган адистиктеги болгон компетенттүүлүгү, лидерлик потенциалы жана БААУнын академиялык стандарттары.
Июнь
TASP финалисттерине алардын статусу жөнүндө телефон аркылуу маалымат беришет.
Кененирээк маалымат алуу үчүн http://www.americancouncilstm.org электрондук барагына кайрылыңыз.