«Ачык дүйнө» программасы
Киришүү
«Ачык дүйнө» программасы Россия жана башка Евразия өлкөлөрүнүн жаңы чыгып келе жаткан лидерлерине америкалык демократиянын жана атуулдук коомдун иштешин өз көздөрү менен көрүп билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул программа АКШнын мыйзам салуучу органдары тарабынан уюшулган биринчи жана жалгыз программа болуп саналат. Ал 1999-жылы АКШнын Конгресси тарабынан уюшулган.
Азыркы учурга чейин программа 12 000 ден ашык иштеп жаткан же болочок лидерлерди америкалык саясий жана коомдук жашоо менен жана алардын Америкадагы кызматташтары менен тааныштырды. Программанын катышуучулары (делегаттары) ар кандай иш тараптарынан тандалат: алардын арасында муниципалитеттердин башчылары да, алдыңкы журналисттер да, саясаттагы активисттер да, юристтер да жана көптөгөн башка тармактагы адистер бар.
АКШга ар бир барыш белгилүү бир темага арналат. Бул тема делегаттардын профессионалдык сферасына байланыштуу болот; бул делегаттарга ишинде жаңы идеяларды жана ыкмаларды билип алууга мүмкүнчүлүк берет. Үйрөнгөндөрүн алар кийин өз өлкөлөрүндө жергиликтүү шарттарга туура келтирип колдонушса болот. Мисалы, делегаттарды төмөндөгүдөй иштерге алып барышы мүмкүн: гезиттердин редколлегияларынын отуруштарына, саясий ишмерлердин шайлоо кампанияларына ж.у.с. Делегаттар Америкалык үй-бүлөөр менен жашашат.
Программаны «Ачык дүйнө» лидерлик Борбору башкарат. Бул көз карандысыз мыйзам салуучу орган; штаб-квартирасы Вашингтондо жайгашкан АКШ Конгрессинин китепканасы болуп саналат.
Программанын миссиясы
Бул программанын миссиясы – региондо Американын демократия, өкмөттүк жоопкерчилик жана эркин рынок системаларын жакшы билген профессионалдардын эл аралык коомчулугун түзүү аркылуу АКШ менен Евразия жана Балтика өлкөлөрүнүн бири-бирин түшүнүүсүн тереңдетүү жана кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу.
Программа жөнүндө жалпы маалымат
«Ачык дүйнө» программасы ар кыл сферадагы лидерлерлерге атайын он күндүк тажрыйба алмашуу тренингине катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарына барууга мүмкүнчүлүк берет. Программанын катышуучулары АКШ өкмөтүнүн үч бутагынын ролдору жана иштеши жөнүндө, ошондой эле жеке жана өкмөттүк секторлор кантип чогуу иштеп, коомдун керектүүлүктөрүнө жооп беришкенин билип алышат. Программа АКШнын саясий жана коомдук лидерлердин Евразиядагы жаңы чыгып келе жаткан лидерлер менен болгон диалогуна жаңы контексттерди ачат дагы, мамлекет аралык катышууну күчтөнтүүгө жол берет.
Делегациялардын саны көп болбойт (болжолу менен 4 киши), бирок делегаттар практикалык тажрыйбаны эле албастан, өз тажрыйбасы менен дагы Америкалык коллегалары менен бөлүшө алышат. Жеке үйлөрдө жашап, алар америкалык үй-бүлөлөрдүн турмушу жана жалпы коомдун жашоосу менен таанышышат. Ал эми кабыл алуучу үй-бүлөлөр дагы Евразия жөнүндө региондун келбетин түзгөн адамдардан билип алышса болот.
Программанын катышуучуларын көптөгөн уюмдар кабыл алышат. Кабыл алуучу уюмдар делегаттардын визиттеринин графиктерин түзүп, аларга тамак-аш менен жашоочу жайларды камсыз кылып, маданий салтанаттарды дагы уюштурушат.
Мындан тышкары, «Ачык дүйнө» программасы өзүнүн мурунку делегаттары менен алардын үйгө кайтып келишинен кийин активдүү иштейт дагы, аларга ар кандай конференцияларды, семинарларды уюштуруп өткөрүүсүнө жардам берет.
Кененирээк маалымат алуу үчүн http://openworld.gov/ электрондук барагына кайралылыңыз.