Кыргызча | Русский | English  

АКШнын жарандары үчүн программалар


Эл аралык билим берүү боюнча Aмерикалык Кеңештер Евразиядагы жана түштүк-батыш Европадагы атайын жайларда тилдерди интенсивдүү үйрөнүү боюнча АКШлык студенттер, мугалимдер, жождордун кызматкерлери жана окумуштуулар үчүн программаларды иштетет



Борбордук Азия түрк тилдерин үйрөнүү «Flagship» программасы – Америкалык Кеңештер тарабынан ишке ашарылат. Программа АКШдан келген катышуучулардын профиссоналдык же акдемиялык сферага байланышкан интенсивдүү курс аркылуу тил билүүнүн деңгээлин «жогору» же «профессионалдуу» даражасына чейин жеткирет.



Title VIII изилдөөлөр программасы – АКШ Мамлекеттик департаментинин Чыгыш Европа жана мурунку Советтер Союзунун өлкөлөрүн таануу программасы тарабынан каржыланат. Программа америкалык студенттерге, мугалимдерге жана эркин изилдөөчүлөргө Беларусия, Борбор Азияда, Россияда, Түштүк Кавказда, Украинада, Молдовада үчтөн тогуз айга чейин ар кандай тармактарда изилдөөлөрдү алып баруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.



Евразия регионун тилдерин үйрөнүү программасы – Америкалык Кеңештери тарабынан ишке ашырылган Евразия регионунун тилдерин окуу программасы аспиранттарга, бакалаврда ийгиликтүү окуган студенттерге, изилдөөчүлөргө жана ар кыл тарапта иштеген адистерге Евразиянын тилдеринин бирин интенсивдүү окутуу курстан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.



Көбүүрөк маалымат алуу үчүн Америкалык Кеңештердин Вашингтондогу кеңсесине кайрылыңыздар.

Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кенештер
L 1828, 1200 бөлмөсү
Вашингтон шаары, 20036
Teл.: + 1 202-833-7522; Факс: +1 202-833-7523
http://www.americancouncils.org