Кыргызча | Русский | English  

Евразия регионунун тилдерин үйрөнүү программасы


Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештери тарабынан ишке ашырылган Евразия регионунун тилдерин окуу программасы аспиранттарга, бакалаврда ийгиликтүү окуган студенттерге, изилдөөчүлөргө жана ар кыл тарапта иштеген адистерге Евразиянын тилдеринин бирин интенсивдүү окутуу курстан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Катышуучулар убактысы боюнча ар кандай программаларга катыша алышат: 1 семестр, 1 окуу жыл, жайкы программалар. Сабактарды катышкан өлкөлөрдүн алдыңкы ЖОЖдордун эң мыкты мугалимдери өткөрүшөт

Акыркы убакта программанын катышуучулары төмөнкү тилдерди окушкан:
  • Азербайжан тили (Баку)
  • Бурят тили (Улан-Удэ)
  • Грузин жана чечен тилдери (Тбилиси)
  • Казак тили (Алматы)
  • Кыргыз тили (Бишкек)
  • Тажик, перс, өзбек тилдери (Душанбе)
  • Украина тили (Киев)

Мындан тышкары, армян, беларус, румын, орус, татар, түркмөн, тувин, якут, дари жана пушту тилдерин окутуу программалар дагы бар. Кээ бир тилдер бир нече өлкөдө окутулат. Жогоруда аталбаган тилдерин окуусу келген студенттер Вашингтондогу Америкалык Кеңештеринин офиси менен байланышышы керек.

Программанын мөөнөттөрү
Катышуучулар убактысы боюнча ар кандай программаларга катыша алышат: 1 семестр, 1 окуу жыл, жайкы программалар. 1 семестрдин ичинде өткөн программалар жок дегенде 15 жумалык окутууну сунуш кылышат, бир жылдык программалар 30 жумалык (2 семестр) окутууну камтышат, ал эми жайкы программалар – 7 жумалык окутууну сунуш кылышат. окуунун так күндөрү окуган өлкөгө карата айырамаланышат, ал эми төмөндө программалардын башталуучу жана бүтүучү мөөнөттөрү болжолдоп келтирилген:

күзгү семестр: 1-сентябрь – 20-декабрь
жазгы семестр: 25-январь – 25-май
жайкы программалар: 15-июнь – 15-август

Окутуу
Катышуучулар болжол менен жумасына 15 саат класстын ичиндеги окутуудан өтүшөт. Сабактарды алдыңкы жергирликтүү ЖОЖдордун адистери алып барышат. Бул ЖОЖдордун ичинен төмөнкүлөрдү атап айтсак болот: Борбордук Азиядагы Американын Университети (Бишкек), Казак Мамлекеттик Улуттук Университети (Алматы), Тбилиси Мамлекеттик Университети (Грузия), Тажик Мамлекеттик Улуттук Университети (Душанбе), Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер Университети (Алматы), Батыш Университети (Баку). Окутуу курстары катышуучуларды окуган тилде сүйлөшүүгө, угууга, окууга жана жазууга уйрөөтүү үчүн арналган. Эң мыкты катышуучулар мындан тышкары адабият, тарых, саясат таануу, маданият таану же болсо өз адистигине байланыштуу дисциплиналар боюнча өздөрү окуган тилинде өтүлгөн сабактарды алышса да болот.

Катышуучулар кичи топтордо же индивидуалдуу түрдө окушат. Кичи топтук окутууда катышуучулар класстын ичинде жумасына жок дегенде 20 саат окушат, индивидуалдуу түрдө сабак өткөндө жумасына болжол менен 12 саат жеке мугалим менен окушат, мында ар бир окуу сааты үч сааттык алдын-ала даярдоону талап кылат. Сабактарды чет өлкөлүктөр менен иштөөнүн тажрыйбасы бар кабыл алуучу ЖОЖдо иштеген адистер өткөрүшөт.

Алдын ала даярдоо
АКШдан кетүүнүн алдында программанын катышуучулары Вашингтондогу Америкалык Кеңештеринин офисинде эки күндүк даярдоо курсунан өтүшөт. Бул курс төмөнкүлөрдү окутат: ден соолук жана коопсуздук, Евразиянын академия маданияты, кабыл алуучу үй-бүлө менен жашоо, маданияттык айырмалар, тилди окуудагы эффективдүү усулдар жана күндөлүк турмушта эң көп пайдаланган сөздөр жана сүйлөмдөр. Ошондой эле, бул курстун жүрүшүндө катышуучулар бири бири менен таанышышат. Даярдоо курсунун убагында катышуучулар тамак-аш жана турганга ылайыктуу жайлар менен камсыздалышат.

Кабыл алуучу өлкөнүн ичиндеги колдоо
Америкалык Кеңештеринин офистери Евразия жана Түштүк-Чыгыш Европанын 20-дан ашык өлкөлөрүндө жайгашкан. 300-дөн ашык америкалыктар жана кабыл алуучу өлкөлөрдүн тургундары программанын катышуучуларын окуу процесси, жайгаштырылышы, транспорт жана медициналык кызмат менен камсыз кылышат. Мындан тышкары, алар катышуучулар келээри менен даярдоо курстарын өткөрүшөт дагы, катышуучулар кабыл алуучу өлкөдө турган убагында аларга ар тараптуу колдоону көрсөтүшөт.

Катышуучуларды жайгаштыруу жана тамак-аш менен камсыз кылуу
Программанын катышуучулары кабыл алуучу үй-бүлөлөрдө жашашат. Бул күндөлүк турмуштук тилди билип алуу менен бирге аларга өз деңгээлин баалоого мүмкүнчүлүк берет. Америкалык Кеңештеринин ишмерлери кабыл-алуучу үй-бүлөлөрдү абдан кылдат тандашат жана кийин дагы катышуучулардын жашоо шарттарын мониторинг кылып турушат. Кабыл алуучу үй-бүлөлөр катышуучуларга күндөлүк тамак-аш, өзүнчө бөлмө, телефон жана үйдүн ачкычын бериши талап кылынат.

Теңтуштардын колдоосу
Катышуучуларга жумасына 3-4 саат жергиликтүү жаш адамдар (теңтуш жеке мугалимдер) менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилет. Теңтуш репетиторлор катышуучуларды өз достору менен тааныштырып, алар менен чогуу ар кандай маданий салтанаттарга катышышат: театр, музейлерге ж.у.с барышат.). Ошондой эле алар катышуучуларга окууларында жардам беришет. Программанын талабы боюнча, жеке мугалимдер катышуучулар менен окуган тилинде гана сүйлөшүшөт.

Академиялык кредиттер
Катышуучулар Bryn Mawr колледжи аркылуу академиялык кредиттерди алышат. 1 семестрдик программа 16 окуу кредит же 15 бүтүрүүчү кредит берет; 1 окуу жулдык программа – 32 окуу кредит же 30 бүтүрүүчү кредит, ал эми жайкы программа – 8 окуу же 10 бүтүрүүчү кредит берет.

Страховка жана медициналык кызмат
Азыр Евразиянын чоң шаарларынын көпчүлүгүндө заманбап клиникалар бар. Америкалык Кеңештеринин кызматкерлери ар убакта программанын катышуучуларына медициналык жардам алууга көмөк көрсөтүшөт. Программанын катышуучулары атайын страховка планына катталышат. Бул план боюнча, ооруу же кырсык болуп калган учурларда аларга 100 000 долларга чейин медициналык жардам көрсөтүлөт (алардын ичинен 25 доллар салык катары алынат). Ушул эле план, катышуучу окуган өлкөдөн ден-соолукка байланыштуу себептер үчүн тез түрдө кетиши керек болсо, жол кирелерин жабат.

Катышуучуларга коюлган талаптар
Программага ЖОЖдо орус тилин эки жылдан кем эмес убакыт окуган аспирант же эң ийгиликтүү бакалавриатта окуган студенттер катыша алышат.

Программага катышуу үчүн кайрылуу мөөнөттөрү
жазгы семестрге: 15-октябрга чейин
жайкы программаларга: 1-мартка чейин
күзгү семестрге: 1-апрелге чейин
бир окуу жылына: 1-апрелге чейин.

Программанын баасы
Программанын баасы өз ичинде төмөнкүлөрдү камтыйт: жайгаштыруу, тамак-аш, университеттик төлөмдөр, страховка, виза, уюшулук колдоо жана даярдоо курс.

2008-жылынын жайы: $4,900 ПЛЮС авиабилетинин баасы
2008-жылынын күзү: $10,100 ПЛЮС авиабилетинин баасы
2008-09 окуу жылы: $17,000 ПЛЮС авиабилетинин баасы

Финансылык жардам
Америкалык Кеңештер эң мыкты катышуучуларга финансылык жардам алууга дагы мүмкүнчүлүк берет. АКШнын билим берүү Департаменти (Fulbright-Hays) программага катышууну жана андан ары мугалим катары иштөөнү каалаган студенттерди каржылайт. Бул департаменттин финансылык жардамын алыш үчүн каалагандар атайын формаларды толтуруп, мугалимдик ишке болгон өз кызыгуусу жана адистиги жөнүндө кыскача эссе тапшырышат.

АКШнын Мамлекеттик Департаменти (Title VIII) дагы бул программага катышууну каалаган гуманитардык же социалдык адистиктеринин аспиранттарына стипендияларды берет. Бул департаментинин стипендиясын алуу үчүн дагы каалагандар атайын формаларды толтуруп, тапшырышы керек.

Улуттук коопсуздук билим берүү программасы мурунку катышуучулардын көбүнө финансылык жардам берген. Бул программанын колдоосу жөнүндө көбүрөөк билип алыш үчүн, төмөнкү Интернет даректерине кайрылса болот: http://nsep.aed.org/ (аспиратннтар үчүн) жана www.iie.org/nsep (бакалаврдв окуган студенттер үчүн).

Бенджамин А. Гилман атындагы Эл аралык стипендия программасы дагы программанын катышуучуларынын кирелерин жабууга мүмкүнчүлүк берет. Бул стипендияга керектүү формаларды төмөнкү сайта тапса болот: www.iie.org/gilman

Көптөгөн колледждер жана университеттер өз студенттерин өздөрү колдошот, айрыкча Америкалык Кеңештеринин программаларына катышканга көп көңүл бурулат. Бул финансылык колдоонун түрү жөнүндө маалымат алыш үчүн студенттер өздөрү окуган университеттеринин туура келген бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.




Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер
Массачусетс авенюсу 1176, 700 бөлмөсү
Вашингтон шаары, 20036
Teл.: + 1 202-833-7522; факс: +1 202-833-7523
www.americancouncils.org