Кыргызча | Русский | English  

КРдин жарандары үчүн программалар


Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер Кыргыз Республикасында 1993 жылдан бери иш алып барат. Биз кесиптик жана билим алуу/маданияттык өнүгүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү беребиз. Кыргыз Республикасында биз төмөнкү программаларды иштетебиз:



Программа обмена «Болочок лидерлердин тажрыйба алмашуу» программасы (FLEX) - орто мектепте окуган окуучулардын Америкалык үйбүлөлөрдө жашашына жана америкалык орто мектепте бир окуу жылы окуу үчүн стипендия менен камсыз кылат. FLEX АКШ мамлекеттик департаментинин билим жана маданият иштери боюнча Бюросу тарабынан каржыланат.



Программа «Ачык дүйнө» программасы ар кыл сферадагы лидерлерлерге атайын он күндүк тажрыйба алмашуу тренингине катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарына барууга мүмкүнчүлүк берет. «Ачык дүйнө» программасы Кошмо Штаттардын Конгрессинин китепканасы тарабынан каржыланат.



АКШнын Борбордук Азиядагы билим берүү Фондусунун программасы (U. S. CAEF) – Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинде жана Казакстандын менеджмент, экономика жана прогноздоо Институтунун (КИМЭП) бизнес жана экономика факультеттеринде окуган студенттерди стипендия менен камсыз кылат, студенттерге жана мугалимдерге эл аралык практика жана кесиби боюнча өнүгүү үчүн тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Программа АКШнын Борбордук Азиядагы билим берүү Фонду тарабынан каржыланат.


 
Кошумча маалымат үчүн биз менен байланышсаңыздар болот. Биздин кеңсе
дүйшөмбү – жума кундөрү, 8:30дан 17:00гө чейин ачык.


Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештери
Сыдыков көч. 187, офис 29, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы 720001 | Teл.: +996 312 91 09 89 | Факс: +996 312 91 09 87
http://americancouncils.kg