Title VIII изилдөөлөр программасы
Бул программа АКШ Мамлекеттик Департаментинин Чыгыш Европа жана мурунку Советтер Союзунун өлкөлөрүн таануу боюнча программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Программа америкалык студенттерге, мугалимдерге жана эркин изилдөөчүлөргө Беларусия, Борбор Азияда, Россияда, Түштүк Кавказда, Украинада, Молдовада үчтөн тогуз айга чейин ар кандай тармактарда изилдөөлөрдү алып баруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Изилдөөчүлөр бирден көп өлкөгө барыш үчүн колдоо сурашы мүмкүн, бирок алар программанын толук убакытын изилдөө жүргүзгөн жерде турушу керек. Ал эми Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү Түштүк-Чыгыш Европада изилдөө жүргүзүү жана тил үйрөнүү программасы колдойт.
Программанын компоненттери
Программага социалдык жана гуманитардык илимдер боюнча изилдөөчүлөр катыша алышат. Изилдөөлөр ар кандай темада боло бериши мүмкүн, бирок алар сөзсүз АКШнын регион жөнүндө билимине жана тышкы политикасын эффективдүү жакшыртууга маанилүү салым жасашы керек. Заявкаларында бардык кандидаттар ушул боло турган салымы жөнүндө маалымат бериши керек.
Кандидаттар төмөнкү документтерди тапшырышат: изилдөө боюнча сунушун (2-3 бет), библиографиясын, архивдик тизмелерин (керек болгон учурларда), изилдөөнүн кыскача мазмунун (тандаган өлкөнүн тилинде), паспортунун анык копиясын жана алардын ишин билишкен мугалимдердин же чогуу иштегендердин 2 рекомендацияларын. Жок дегенде бир рекомендация кандидаттын тандаган өлкөсүнүн тилин билүүсүн жана анын изилдөө өткөрүүгө даярдылыгын сүрөттөшү керек. Программага АКШнын атуулдары же резиденттери гана катыша алат. Кандидаттар ачык конкурстан өтүшөт, мунун натыйжасында эң мыктылар гана программага катышууга тандалат.
Арыздарды күзгү семестрге же окуу жылга 15 январдан кеч эмес, ал эми жазгы семестрге же жайкы программаларга 1 октябрдан кеч эмес тапшыруу керек.
Америкалык Кеңештер тарабынан колдоо
Америкалык Кеңештер Россия, Евразия, Түштүк-Чыгыш Европа жана Түштүк Азия шаарларында 31 өкүлчүлүгү бар, буларда 375тен көп кишилер иштешет. Ошентип, Америкалык Кеңештер АКШдагы изилдөөчүлөргө бул өлкөлөрдө колдоо көрсөтүш үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Америкалык Кеңештер 100дөн ашык изилдөөчү жана билим берүүчү мекемелери менен тыгыз байланышууда иштешет; 1976-жылдан баштап, алардын программалары аркылуу 5 000 ашык катышуучулар региондун өлкөлөрүндө изилдөө өткөрүп чыгышкан.
1986-жылдан баштап Америкалык Кеңештер Title VIII программасын өткөрүп жатышат. Акыркы жылдарда бул уюм төмөнкү мекемелер менен иштешүүгө катышуучуларга мүмкүнчүлүк берген:
Илимдер Академиясы, Баку, Азербайджан
Борбор Азиядагы Америкалык Университет, Бишкек, Кыргызстан
Днепропетровск Мамлекеттик Университети, Днепропетровск, Украина
Иван Франко атындагы Улуттук Университет, Львов, Украина
Казань Мамлекеттик Университети, Казань, Россия
Казак Мамлекеттик Эл аралык Мамилелер Университети, Алматы, Казакстан
Москва Эл аралык Мамилелер Институту, Москва, Россия
Москва Мамлекеттик Лингвистика Университети, Москва, Россия
Москва Мамлекеттик Университети, Москва, Россия
Новосибирск Мамлекеттик Университети, Новосибирск, Россия
Россия Мамлекеттик Гуманитардык Университети, Москва, Россия
Симферополь Мамлекеттик Университети, Симферополь, Украина
Санкт-Петербург Мамлекеттик Университети, Санкт-Петербург, Россия
Ташкент Мамлекеттик Университети, Ташкент, Өзбекстан
Тбилиси Мамлекеттик Университети, Тбилиси, Грузия
Америкалык Кеңештер катышуучуларга программанын жүрүшүндө ар тараптык уюштуруучулук колдоону көрсөтүп, аларга изилдөө жүргүзүүгө берилген убактысын максималдуу пайда менен колдонууга жардам беришет. АКШдан кетерден мурда ар бир катышуучу тандаган өлкөсү жөнүндө колдонмо китепчесин алат. Колдонмодо ден соолук жана коопсуздук, сапарлар, жашоо шарттар жана башка темалар боюнча маалымат берилет. Ошондой эле, бул колдонмодо архивдердин жагдайы жана мурунку изилдөөчүлөр калтырып кеткен изилдөө жүргүзүү боюнча пайдалуу кеңештер камтылат. Америкалык Кеңештер катышуучуларга сапарлар, виза алуу, архив материалдары менен иштөөгө уруксаттарды алуу, окуу мекемелерге бекитүү, жайгаштыруу жана стипендия алуу процедураларын уюштурат. Мындан тышкары, адаттан тышкаркы учурларда тез жардам көрсөтулөт. Title VIII программасынын мурунку изилдөөчүлөрү АКСЕЛСтин аракеттери алардын ишин кыйла жеңилдеткенин белгилешти.
Арыздарды тапшыруу мөөнөттөрү
Күзгү программалар жана бир окуу жылдык программалар: 15-январдан кеч эмес
Жазгы жана жайкы программалар: 1-октябрдан кеч эмес
Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер
Массачусетс авенюсу 1176, 700 бөлмөсү
Вашингтон шаары, 20036
Teл.: + 1 202-833-7522; факс: +1 202-833-7523
www.americancouncils.org