Кыргызча | Русский | English  


FLEX Келечектеги лидерлерди алмашуу программасы





Чуйская область

(Западная часть)

6 сентября 9:00 ШГ №6, г. Карабалта

Ыссыкульская область

( Восточная часть)

7 сентября 9:00 ШГ №1 им.Ленина, г. Каракол
Нарынская область 13 сентября 9:00 СШ № 2 им.Чкалова, г. Нарын

Ыссыкульская область

( Западная часть)

13 сентября 9:00 СШ №4 им.Ленина, г. Балыкчи
Баткенская область 18 сентября 9:00 СШ № 2, г. Кызыл-Кия
Ошская область 20 сентября 9:00 СШ № 42" Керме-Тоо"

Чуйская область

(Восточная часть)

20 сентября 9:00 ШГ №1 им. Зубкова, г. Кант
Таласская область 25 сентября 9:00 СШ №1, г. Талас
Токтогульский район (Жалалабадская обл.) 27 сентября 9:00 СШ им. Боконбаева, г. Токтогул
г. Бишкек 11 октября 9:00 БГУ
Жалалабадская область 18 октября 9:00 ЖАГУ

 

Программа жөнүндө
Орто мектептер үчүн «FLEX: Келечектеги лидерлерди алмашуу» программасы орто мектептердин окучууларына АКШнын жалпы билим берүү мектептеринде бир окуу жылынын ичинде окууга жана америкалык үй-бүлөлөрүндө жашоого мүмкүнчүлүк берет. FLEX программасы толугу менен АКШнын өкмөтү тарабынан каржыланат жана учу Мамлекеттик департаменттин Билим жана маданият программалардын Бюросу тарабынан иштетилет. Программанын максаты – анын катышуучуларына демократиялык коомдо жашоонун тажрыйбасын берүү жана ушул аркылуу демократиялык баалуулуктарды Евразияда таратуу. 2013-жылы программа өзүнүн жыйырма жылдык маарекесин белгиледи; бул убакыттын ичинде ага 19000ден ашык Евразия өлкөлөрүнүн орто мектептеринин окуучулар катыша алышты.

Тестирлөө, чогулган заявкаларды баалоо, катышуучуларды тандоо, алардын АКШга жана кайра үйгө барууну уюштуруу жана мурунку катышуучуларды колдоо Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер (АКСЕЛС) тарабынан жүргүзүлөт.

Программанын катышуучулары көп-тепкичтүү конкурстан өтүшөт; бул конкурска жыл сайын 50 000ден ашык талапкерлер катышышат. Конкурска программанын критерийлерине (алардын арасында жашы, окуудагы жетишкендиктери, англис тилин билүүсү, атуулдугу, америкалык визаны алууга жарашыктуулугу ж.у.с.) жооп берген орто мектептеринин 9, 10, 11-класстарынын окуучулары катыша алышат. Тандоо катышуучунун лидерлик потенциалын жана алмашуу программага ийгиликтүү катыша аларын аныктоону мүмкүн кылган бир нече параметр негизинде жүргүзүлөт. Программанын финалисттери АКШда жашоого даярдоочу окуу курсунан өтүшөт дагы, бир толук окуу жыл америкалык мектептеринде окуп чыгышат. Программанын соңунда катышуучулардын баары үйгө кайтып келиштери керек; алардын эне өлкөлөрүндө алардын кийинки иш-аракеттерин колдоочу көп FLEX программанын бүтүрүүчүлөр асооциациялар иш жүргүзүүдө.

АКШдагы кабыл алуучу үй-бүлөлөрдү жана мектептерди АКШ Мамлекеттик департаменти тарабынан аныкталган партнердук уюмдар тандашат. Бул уюмдар программанын катышуучуларына, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө, мектептерине колдоо көрсөтүшөт. 2004-2005-окуу жылында ушундай уюмдардын ичине төмөнкүлөр кирген: AFS-USA, AIFS, ASSE, AYUSA International, АКШда окуу жыл, Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер, ASPECT Фондусу, Маданий алмашуу борбору, Эл аралык билим алуу алмашуу боюнча Кеңештер, ЕRDT, Nacel Open Doors, Тынч океандык маданий алмашуу-АКШ, Академиялык алмашуу программасы, World Link жана Эл аралык Жаштар Фондусу 4-H.




Талапкерлерге коюлган талаптар
2013-2014 жылдарында FLEX программасына төмөнкү талаптарга жооп берген орто мектептеринин окуучулары катыша алышат (болгон майыптыгына карабастан):
  • 1998-жылынын 1-январдан 2000-жылдын 15-июлуна чейин (майып окуучулар үчүн – 1997-жылдын 1-январдан 2000-жылдын 15-июлуна чейин) туулгандар;
  • Кыргыз Республикасынын атуулу болгондор;
  • Акыркы беш жылдын ичинде АКШда үч айдан көп жашабагандар;
  • Орто мектеп, гимназия же лицейлердин 9, 10 жана 11-класстарында окуп жаткандар;
  • Окуусунда жакшы жетишкендиктерге ээ болгондор;
  • Англис тилинде жакшы сүйлөп, жаза алгандар;
  • Америкалык визаны алуу үчүн коюлган талаптардын баарына жооп бергендер.


Тестирлөө процесси
1-тур: Алдын-ала тестирлөө
Талапкерлерге коюлган критерийлерге жооп берген окуучулар англис тили боюнча 15-мүнөттүк тести алышат. Бул тесттин максаты – англис тилин негизги деңгээлде билүүнү текшерүү. Тестирлөөнүн биринчи, экинчи жана үчүнчү раунддарын АКСЕЛС кызматкерлери Жана ушул эле программанын бүтүрүүчүлөрү өткөрүшөт.

2-тур: SLEP тести жана эссе
Биринчи раунддан өткөн окуучулар экинчи раундка катышышат. Мында алар англис тили боюнча бир аз татаалыраак тестти (Secondary Level English Proficiency (SLEP)) алышат дагы, атайын суроолорго жооп берген үч кыска эссе жазышат. Суроолор окуучулар АКШда окуп жашаганда мүмкүн болуучу жагдайларага тиешелүү болот.

Окуучулар эсселерин бири-биринен көчүрүп алганды же башка тест борборунан кайра жазууну алдын алуу үчүн суроолордун беш комплекти колдонулат. Экинчи раунддун аягында окуучулардын иштери Москвадагы АКСЕЛСтин административдүү офисине жиберилет; ал жерде атайын окутулган баалоочу комиссиянын мүчөлөрү аларды бир нече параметр негизинде баалашат. Экинчи раунддун материалдарын Кыргызстандан тышкары баалоо абдан маанилүү: бул конкурстун айкындыгын жана кызыккан адамдардын тандоо процессине киришпөөсүн камсыз кылат.

3-тур: Анкеталарды толтуруу жана маектешүүлөр
Экинчи раунддун жеңүүчүлөрү үчүнчү раундка катышышат. Алар менен АКСЕЛСтин кызматкерлери (алардын ичинен бирөөсү – АКШнын атуулу, экинчиси – Кыргызстандын атуулу) 20 мүнөттүк индивидуалдуу маектешүүлөрдү өткөрүшөт. Маектешүүлөр тестирлөө өткөрүлгөн тест борборлорунда англис тилинде жана талапкердин эне тилинде өтүшөт.

Булардан тышкары, үчүнчү раунддун катышуучулары топтук интервьюларга катышышат. Булар адата оюн түрүндө өтүшөт. Оюн интервьюлар орус же кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Алар окуучулардын формалдуу эмес жагдайда өзүн алып баруусун жана теңтуштары менен чогуу иштей билүүсүн баалаганга мүмкүнчүлүк беришет.

Интервью күнүндө АКСЕЛС кызматкерлери окуучулар менен жана алардын ата-энелери менен чогулуш өткөрүп, аларга анкеталарды толтуруу боюнча толук маалыматты беришет. Анкеталарды толтуруу үчүн эки жума убакыт берилет; анан анкеталарды АКСЕЛС офисине тапшыруу керек. АКСЕЛСтин кызматкерлери анкеталардын толук толтурулгандыгын текшеришет дагы, аларды Москвадагы административдүү офисине жиберишет. Андан ары анкеталар окуучулардын SLEP тестинин жооп барактары жана эсселери менен чогуу Вашингтондогу АКСЕЛСтин башкы офисине жиберилет; ал жерден акыркы тандоо жүргүзүлөт.

2013-жылдын күзүндө жана кышында тестирлөө төмөнкү тест борборлорунда өтөт: Балыкчы, Кызыл-Кия, Бишкек, Джалалабад, Каракол, Нарын, Ош, Талас, Кант.

Тестирлөө убагында окуучулар паспортунун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн оригиналын, бир 3х4 өлчөмдөгү жакында түшкөн сүрөтүн жана калемсабын жанына алыштары керек.



Катышуучуларды тандоо процесси
Вашингтондогу АКСЕЛСтин башкы офисинин кызматкерлери жыл сайын 150гө жакын баалоочуларды окутушат. Баалоочулар билим берүү же Эл аралык катышу тараптарында иштеген профессионалдардын арасынан тандалат. Алар үч айдын ичинде күндө иштешет жана ушул убакыттын ичинде программанын талапкерлеринин анкеталарын жана башка материалдарын кунт коюп окушат дагы, катышуучуларды жана альтернативдүү катышуучуларды тандашат.

Тандоо анкеталардын, мугалимдердин рекомендациялардын жана окуучу көрсөткөн АКШда бир жылдын ичинде окууга болгон даярдыктын негизинде өткөрүлөт. Булардан тышкары, окуучулар медициналык форманы толтурушат. Медициналык форма окуучунун АКШга барып окуганга болгон физикалык мүмкүнчүлүгүн далилдейт. Тандоо процессии жазында бүтөт; бардык талапкерлер өз статусу жөнүндө апрель айынын ортосунда маалымат алышат. Англис тилин билүү маанилүү болгондугу менен, программанын жалгыз гана критерийи эмес.